Өлкөдө ишкерчиликтин доору башталып жаткандай. Анткени ири бизнес аз болгону менен майда жана орто ишкерлер абдан көбөйдү. Алар ар башка тармакта таң калтырган бизнес-идеяларды сунушташууда. Бир кезде жакшы жашоо издеп мигрант болгон Кубаныбек Бурханов да бир нече жыл мурун Кыргызстанга чоң максаттар менен кайтып келген. Азыр ийгиликтүү жаш ишкерлердин бири. Ал ишкерчиликтин жазылган жана жазылбаган мыйзамдары тууралуу айтып берди.