Акча пайда болгондон тартып эле банктар андан киреше таап келе жатканын билебиз. Тарыхтын кайсы бөлүгүн алып карабайлы, банктар пайда болгону сүткөрлүк менен каражатын көбөйтүп келгенин көрөбүз. Бирок, сүткөрлукту негизги ишмердүүлүгү кылбай, ошол эле убакта жакшы киреше жеткен да банктар бар да. Алардын пайдубалы эмнеден турат? Иштөө системасы эмнеси менен айырмаланат? Дүйнөлүк өндүрүштөрдүн эки тизгин бир чылбырын колго алган япон банктары же сүткорлуктан жаа боюу качып, өз системасы менен иш алып барып келген ислам каржысы, булардын келечеги кандай? Санарип акчалардын пайда болушу либералдык экономикада гүлдөп өнүккөн сүткорлук системасында иштеген банктардын тамырын кыркабы?
Биз ушул жана башка суроолорубузга “Экономикалык панорама” программасынын алкагында жооп издеп көрдүк.