Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында мурдагы жылдарга салыштырмалуу Кыргызстанда керектөө баалары жана тарифтер 4,2 пайызга жогорулаган. Тамак-аш азыктары 2,3 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга 3,6 пайызга, тамеки жана алкаголдук ичимдиктер 9,3 пайызга жогоруласа, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 7,5 пайызга жогорулады. Керектөө бааларынын жогорулашы ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө байкалган. Ал эми 5 ай аралыгында Арменияда 0,8 пайызга төмөндөсө, Россияда жана Казакстанда 6,6 пайызга өсүш болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун “Ачык кеп” берүүсүнүн алкагында биле алдык.