Мамлекеттин каражатын эффективдүү пайдалануу үчүн аларга кылдат көзөмөл керек. Ошондуктан Кыргызстанда контракттарды банктык коштоо колдонулат. Бул курал мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланылышын көзөмөлдөөнүн комплекстүү системасын түзүү үчүн зарыл.
Ал эми бул инструмент өлкөдө кандай натыйжа берерин Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Казыналык долбоорлор бөлүмүнүн башкы адиси Аскат Монолдоров жана "Айыл Банк" ААКтын кардарларды тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси Асель Кадырова жооп берди.