Берекелүү күз келди, дыйкандар эккен эгинин, түшүмүн жыйнап, жайлата кылган эмгегинин натыйжасын көрүп жаткан учур. Бүгүнкү “Күн башат” программасында дал ушул дыйкандардын мээнети, тактап айтканда дан эгиндери тууралуу кеп кылдык. Анткени быйыл дыйкандар түшүмдү мол алып, дан эгиндери ири көлөмдө жыйналганы кабарланды. Өлкөдө дан эгиндерин эгүү жана анын экспорт-импорту тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идрисов, “Бай Дыйкан” компаниясынын экспорт бөлүмүнүн жетекчиси Ибрагим Усманов жана Баткенден күрүчтү таңгактап, экспорттоочу компания «Ак-Турпак компанинин» директору Алина Исакова жооп берди.