Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Ушул жылдын январь-сентябрь айларында өлкөдө 16 камсыздандыруу компаниясы иштеди. Улуттук статистика комитети алардын кирешеси өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 1,4 пайызга өсүп, жалпы сумма 3,8 миллиард сомду түзгөнүн маалымдады. Билдирүүдө кирешелердин 80 пайыздан ашыгы камсыздандыруу төлөмдөрүнөн түшкөнү айтылат. Тогуз айдын жыйынтыгы менен камсыздандыруу компаниялары 552 миллион сом таза киреше тапкан. Бул өткөн жылдын тогуз айынан 1,6 эсеге көп."Жыл башынан бери камсыздандыруу компаниялары менен түзүлгөн келишимдердин саны 959 миңге жеткен. Анын дээрлик 93 пайызы жеке жактар менен түзүлгөн. Мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу жана жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимдери көбөйгөн", — деп айтылат маалыматта.
"Жалал-Абад эл аралык аэропортун" кытайлык компания кура турган болду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматта курулуш тууралуу келишимге президенттин облустагы өкүлү Тилек Текебаев менен кытайлык компаниянын директору Лю Ду кол койгону айтылат. Аэропорттун курулуш иштери 2025-жылдын январында башталып, план боюнча эки жылда бүтөт. Ал үчүн Сузак жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан 360 гектар жер бөлүндү.
Россияда балалуу болуудан аң-сезимдүү баш тартууну пропагандалоого тыюу салынды. Тиешелүү мыйзамга Владимир Путин кол койгонун РИА Новости жазды. Мыйзамды парламенттин төрагасы Вячеслав Володин менен Валентина Матвиенко жана башка депутаттар демилгелеген. Эми сайт ээлерине баладан баш тартууга чакырык жасаган маалыматтарды текшерүү милдети жүктөлдү. Ошондой эле кино жана жарнамада дагы бала төрөөдөн баш тартууга чакырык жасалбашы керек. Мыйзамдын максаты — бала төрөөдөн баш тартууга таасир берчү бардык контентти жок кылуу.
Россиялык аскерлер кышка чейин Донецк облусун көзөмөлгө алат. Бул тууралуу "Волки Да Винчи" батальонунун взвод башчысы Дмитрий Деркач билдиргенин РИА Новости жазды. "Менин оюмча, алар кышка чейин Донецк облусун жаап, баарын көзөмөлгө алышат, андан кийин сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн", — деген Деркач. Ушул аптада ДЭР башчысынын кеңешчиси Игорь Кимаковский Украина Куралдуу күчтөрү согушта артка чегинип, жеңилип жатканын жана Батыштын Киевге жеткирип жаткан курал-жарагы кырдаалга таасир этпегенин билдирген.
АКШнын президенти Жозеф Байден 2025-жылдын январында Ак үйгө Дональд Трамп келгенге чейин Украинаны болушунча күчтөнтүүгө үлгүрүп калууну көздөп жатат. Бул тууралуу Bloomberg сайтына таянып РИА Новости жазды. Макалада Байдендин Киевге Россиянын аймагына ыраакка атуучу ракеталар менен сокку уруусуна уруксат берүүсү, дээрлик беш миллиард доллар карызын кечүүгө даяр экендиги жана башка аракеттери анын жогорудагы максатты көздөй турганынан кабар берери жазылган. Россия Байдендин ыраакка атуучу ракеталарды колдонууга уруксат берүүсүн тирешүүнүн нугун өзгөртүп, жаңжалды күчөтүү катары кабылдаган. Жеке булактын айтымында, Байдендин мындай стратегиясы Зеленскийге жардам берүү менен алдыда жаңжал улана берсе Украинаны