Кыргыз акчаларынын ичинен 1000 сомдукка сүрөтү түшүрүлгөн орто кылымдагы улуу ойчул, акын, азыркы Токмок шаарына жакын жердеги Баласагын деген калаада туулган, чыгыш элинде Жусуп Хас Хажиб деген ысым менен даңазалуу болгон бабабыздын өмүр жолундагы урунттуу учурлар тууралуу фактыларды сунуш кылабыз.
Баласагындык Жусуптун туулган мезгили, киндик каны тамган жери. Жусуп Баласагын 1021-жылы, кээ бир маалыматтарга караганда, 1015-1016-жылдардын биринде туулган. Жарык дүйнөгө келген жылын так айтууга документалдык негиз жок. Анын киндик каны тамган жер азыркы Токмок шаарынын жана Ак-Бешим айылдарынын арасындагы Баласагын деген шаар болгон делет. Бул шаардын дагы эки наамы катары Куз-Ордо, Куз-Улуш аталып келет. Көчмөндөр жайында жайлоолоп кетип, күзүндө күздөөгө келген үчүн Күз-Ордо, Күз-Өргөө деп аталгандыр же жайлоодон түшкөндөр күзүндө ушул жерде үлүш жешкендир, ошондон Куш-Улуш (Күз-Үлүш) аталгандыр дешет. Дагы бир аалымдар айткан божомол "куз" деген сөз азыркы кыргыз тилиндеги "тескей" деген мааниде болгон дешет, андай болсо бул шаар тескейдеги борбор болгон болуу керек, тескейдеги борбор болсо, анда күнгөйдө да бир борбор болушу ыктымал. Шаар саябанына бир жагынан Шамшынын, бир жагынан Кегетинин капчыгайынан тоо тараптан муздак жел келип, мөңгүдөн, булактардан кошулган суу жай күнүндө жанга ырахат тартуулаган. Шаардын этеги Чүй дайрасы болуп, андан ары Сары-Өзөн Чүй өрөөнүнүн берекелүү эгин талааларына кошулуп кеткен. Калаа ошол мезгилдеги ири мамлекет катары эсептелген Карахандар дөөлөтүнүн бир борбору болгон. Калкы түркий жана согд тилдеринде сүйлөгөн. Шаардын чок ортосунда өкүмдардын ак сарайы орун алып, ага кирип-чыккандардын аягы үзүлчү эмес. Бийик мунарасынан беш убак азан айтылып, намазгөйлөр жамы мечитте жайнамаздарга баш койгон. Шаарда көптөгөн дүкөндөр, диний билим берүү мекемелери, мончолор, кол өнөрчүлүк буюмдарын сатуучу катарлар, чайканалар иштеген. Бир жагы Кашкар тарапка, бир жагы Бухара, Самаркан тарапка өтүп турган соодагерлер, жер кезерлер калаанын кербен сарайларына токтоп, таза абасынан дем алып, тунук суусунан канганча ичкен. Карахандар дөөлөтү менен байланыш-катышта турган башка дөөлөттөрдүн өкүлдөрү үчүн элчиканалар курулган. Албетте, анын мал базары, мата базары, эгин-тегин базары алыс-жуукка атактуу болгон. Сырт жагынан шаар дубал менен курчалып, айланасына жар казылган. Бул шаар көчмөн жашоо менен отурукташкан жашоонун тогошунда турган. Жусуп оокаттуу үй-бүлөдө туулган. Атасы Карахандар дөөлөтүнүн ошол жердеги каны Буура сарай кызматында музыкант болгондугу тууралуу маалыматтар бар. Мына ушул жерде алгач тамга таанып, билим алган, кан сарайда ак сөөктүк жана букаралык турмушту көргөн, чыгармаларын да ошол чакта эле жаза баштаган. Болжолу XIV кылымдарда ич ара согуштардын кесепетинен шаар талкаланган болуу керек дешет адистер. Азыр ошол шаардын эстелиги катары Бурана мунарасы жана анын жанындагы эски көрүстөн калды.
Илим-билим издеп Кашкарга кеткени. Айрым маалыматтарга караганда, ал билим издеп көп жерди кыдырган. Бухара, Отрар (Фараби) сыяктуу Борбор Азиядагы ири медреселер жайгашкан, энциклопедист окумуштуулар билим алган жана илимий иштерин жүргүзгөн шаарларда да болгон экен. Бирок анын өмүрүнүн көбү Кашкар шаарында өткөн. Кашкар – азыркы Кытайдын Шынжан (Синьцзян-Уйгур) автоном районуна караган шаар. Тарыхта ал бирде Кытай империясына, бирде Түрк каганатына, бирде Перс жана бирде Монгол империясына, бирде Тибет, бирде Кокон хандыгынан өкүмүнө да баш ийип турган. Кашкар орто кылымдарда Улуу Жибек Жолунун негизги тоому болуп, кербендер Батышка – Фергана өрөөнүнө, Түштүккө – Индустанга, Түндүккө – Үч-Турпан менен Үрүмчүгө байма-бай өтүп турган. Андыктан бул шаар бир катар маданияттардын жана диндердин тогошкон жерине айланган.
Карахандар доорунда Кашкар шаары кандыктын Чыгыш Түркстандагы бир борбору болуп, ал жерде ислам дининин өнүгүшү үчүн шарттар жаратылып, медреселер, мечиттер, мусурманчылыкка үгүт жүргүзүүчү кербен сарайлар курулган. Жусуп мына ушул шаарда өтө даңазалуу жана мутабали, мударистери күчтүү Сажийе (кыргызчалаганда "Нур чачкан") медресесинде илим-билим алып, араб, фарс тилдерин терең өздөштүрүп, чыгармаларын ошол тилдерде жаза алган. Ал доордо Борбор Азиядагы илим-билимдүү аалымдар, акындар, мамлекеттик кызматкерлер дээрлик бардыгы жазуу иштерин араб жана фарс тилдеринде жүргүзгөн. Кашкарда жүргөндө кытай тилин да үйрөнгөн. Математика, грамматика, логика, философия, география, астрономия ж.б. илимдерди да окуган. Мына ошондой көп тил билгенине карабай "Кутадгу билиг" дастанын өз тилинде – түркий тилде жазган. Кашкардагы маданий жана илимий чөйрө Куз-Ордо шаарынан барган Жусупту адам катары да, акын катары да, ойчул катары да жетилтти.
Эскирбес дөөлөткө айланган китеп. Эчен кылым өтсө да анын "Кутадгу билиг" дастаны эскирбей, анда айтылгандар күнү бүгүнкүсүндөй жаңы бойдон турары, акындын айрым ойлору үй-тиричилик буюмдарына, имараттарга кооздолуп жазып келингендиги да андагы ойлордун түбөлүктүүлүгү менен түшүндүрүлөт. Мындагы негизги күч – Сөз күчү, ал алтындан да кымбат, анткени ал кылымдар өтсө да маани-маңызын азайтпайт. Бул китепти кийин көптөгөн падышалар, кандар, королдор, императорлор өздөрүнүн башкаруу ишмердүүлүгүндө колдонуп, Кытайдын Чин өлкөсүндө "Такыбалык жыйнак" десе, Кытайдан Мачин өлкөсүндө "Мамлекет түркүгү", Иранда "Шах китеби", "Түрк элдеринин "Шахнаамасы", Туранда "Куттуу билим", бир катар чыгыш элдеринде "Өкүмдарлар зыйнаты" ("Зийнат ал-умара"), дагы бир жакта "Бактылуулукка жол көрсөтөр китеп" деп аташкан. Аны айрым мамлекеттер конституциялык даражада да колдонуп жүргөн.
Дүйнө кезген улуу мурас. 1947-жылы теги татар, Түркияда Стамбул университетинде иштеп жүргөн окумуштуу Рашид Рахмати Арат кол жазманын үч вариантынын тең текстин алып салыштырып, калып кеткен жерлерин тактап, мыкты изилдөө жүргүзүп китеп кылып жарыялаган. Бул китеби Түркияда көп жолу басылган, поэманын сөздүгүн даярдап, бирок аягына чыкпай калган. "Кутадгу билиг" китебинин айрым үзүндүлөрүн С.Е.Малов орус тилине которсо, 1971-жылы Н.Гребнев бул тилге эркин таржымалап, "Наука быть счастливым" деген аталыш менен чыгарган. "Кутадгу билиг" китебинин мыкты басылыштарынын бири – 1983-жылы орус тилинде чыккан "Благодатное знание" деген китеп. Аны советтик чыгыш таануучу, тилчи, котормочу Сергей Иванов которуп, академик А.Н.Кононов редакциялап, түшүндүрмөлөр, сөздүктөр менен коштолуп, 1983-жылы Москвадан басылып чыккан. Чыгарманы В.В.Радлов, В.В.Бартольд, С.Е.Малов, Е.Э.Бертельс, А.Н.Самойлович, А.Н.Кононов ж.б. орус жана совет чыгыш таануучулары ар тараптуу изилдеп, баласагын таануу илимине чоң салым кошкон. "Кутадгу билиг" китеби тууралуу Түркияда, Азербейжанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Кытайда көптөгөн изилдөөлөр жүрдү. Бул чыгарма бир катар түрк элдеринин, анын ичинде кыргыз мектептеринин жана жогорку окуу жайларынын окуу программаларына киргизилген.
Кыргыз окумуштуулары – "Кутадгу билиг" дастанын изилдөөчүлөр. Баласагындык Жусуп жараткан "Кутадгу билиг" дастаны илимдин ар тарабынан изилдөөгө алынышы керек, себеби анын мааниси ошондой. Бул багытта эң көп изилдеген адабиятчы К.Артыкбаев. Тилчилер Ү.Асаналиев жана К.Ашыралиев "Кутадгу билиг" эстелигинин тилдик өзгөчөлүктөрү" деген монографиясын (1965), тарыхчы З.Эралиев "Жусуп Баласагын" аттуу окуу куралын (2000), адабиятчы А.Абдыразаков "Жусуп Баласагын жана анын "Кутадгу билиг" дастаны" (2009) деген китептерин жазган. Философиялык өңүттөн анын чыгармасын А.Нарынбаев, Ы.Мукасов, О.Козубаев, Н.К.Саралаева, А.Бекбоев, Ж.Бөкөшов, Г.Токоева изилдеген. Н.Турдубаева бул темада кыргыз адабияты боюнча кандидаттык диссертациясын жазып, коргогон. Адабий талдоолорду Т.Сыдыкбеков, А.Акматалиев, Ж.Шериев, педагогикалык өңүттөн изилдөөлөрдү Э.Мамбетакунов, А.Алимбеков, С.Рысбаев, А.Муратов ж.б. этнопедагогдор жүргүзгөн. Тилдердин көп өзгөрүүлөрүнөн улам дастанды азыркы кыргыз тилине которуп алып, анан окуп жатабыз. 1988-жылы Т.Козубеков которгон дастан кыргыз тилинде китеп болуп чыкты, андан кийин да үч жолу кайра басылды. 2013-жылы түрколог-тилчи Сагалы Сыдыков таржыма кылган дастан дагы үч томдук китеп болуп жарыяланды.
Жусуп Баласагындын бейнеси көркөм өнөр тармактарында. Орто кылымда жашап өткөн бабабыздын панносу Чүй районунун Дөң-Арык орто мектебинин чоң залына тартылды. Анын бийиктиги – 4, узундугу 9 метр. Эмгекти ушул айылда туулган Сагын Ишенов он жыл бою иштеп, 2007-жылы бүтүргөн. Темпера боёк менен тарткан бул эмгекти автор "Жусуп Баласагын. XI кылым" деп атаган. Экинчи бир панно "Элчилер Баласагын шаарында. Күз-Ордо" деп аталат. Анда Кытай, Рун, Мисир, Византий өлкөлөрүнөн келген элчилер, мунаралар, эл жана ортодо сакалы жайкалган Жусуп Баласагын турат. Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов "Жусуп Баласагын" операсынын либреттосун жазып, ага композитор Сатылган Осмонов музыка чыгарып, опера коюлган. Кыргызстандын Улуттук банкы кыргыз сомдору тууралуу ролик тартып, анда Жусуп бабабыздын ролун Марат Алышбаев аткарган.
Жусуп Баласагындын ысымын түбөлүккө калтыруу. Акын, ойчул, мамлекеттик кызматкер Жусуп Хас Хажиб Баласагын 55 жашында каза болгон. Айрым булактарда 68 жашында деп да айтылат. Анын сөөгү Кашкар шаарынын Түштүк жагындагы Пайпап деген жерге коюлган. Эски шаардагы Ид Ках мечитинин жанында акын каза болгондон сегиз кылымдай өткөн соң, 1865-жылы күмбөз-мавзолей тургузулган. 1972-жылы Кытайда "маданий төңкөрүш" кезинде бул жай бузулуп, ордуна мектеп курулган. Мао Цзэдун каза болгондон кийин мектеп башка жакка жылдырылып, күмбөз кайра мурдагы ордуна тургузулган. Азыранын күмбөзү жалпы дүйнөдөгү мусулмандар үчүн ыйык жай эсептелип, келип-кеткен зыяратчылардын агымы үзүлбөйт.
Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын флагманы эсептелген улуттук университет Жусуп Баласагындын ысымын алып жүрөт. СССРдин 50 жылдыгы атындагы деген ысым менен жүргөн башкы окуу жайыбызды, ошол кездеги жалгыз университетибизди Жусуп Баласагындын ысымы менен атоо тууралуу пикирин айтып, ушул окуу жайында кафедра башчысы, декан болуп узак жыл иштеген филология илимдеринин доктору, профессор Качкынбай Артыкбаев көп мээнет кылды. 1967-жылдан тартып Жусуп Баласагын тууралуу, анын туулган жери жөнүндө макалаларды жазып, аягында анын атын окуу жайга ыйгаруу керек деп маселе көтөрүп жүрдү. Акыры адабиятчынын тилеги ишке ашып, 2002-жылы 13-майда улуттук университетке Жусуп Баласагындын ысымы ыйгарылды, бирок ар кандай шылтоолор менен бул аталыш 2015-жылдан тарта гана колдонулууга өттү.