БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы кармалды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Сузак районунун ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.
Анын айтымында, колго түшүрүлгөндөр көп убакыттан бери иштеп келген.
"Кечээ кечинде эле облустук соттун үч судьясы кармалып, камалды. Ошол үч сот дагы президенттин көзүнөн өткөн, Судьялар кеңешинен өткөн, көп жылдан бери кызмат кылып келген, таза кызмат кылабыз деп президенттин алдында убадасын беришкен. Бирок жеке кызыкчылыктарына берилип кетип мыйзам бузушту", — деди Ташиев.
УКМК төрагасы мамлекетке зыян келтиргендерге, коррупционерлерге эч кандай аёо болбой турганын айтты. Мындан тышкары, Судьялар кеңеши кармалгандарды жоопкерчиликке тартууга макулдук бергенин кошумчалады.