БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. "Жалал-Абад эл аралык аэропортун" кытайлык China State Construction Engineering компаниясы кура турган болду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматта курулуш тууралуу келишимге президенттин облустагы өкүлү Тилек Текебаев менен кытайлык компаниянын директору Лю Ду кол койгону айтылат.
Аэропорттун курулуш иштери 2025-жылдын январында башталып, план боюнча эки жылда бүтөт. Ал үчүн Сузак жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан 360 гектар жер бөлүндү.