Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киевдин Лондондогу элчиси: НАТО Россия менен согушууга даяр эмес

Биримдиктеги мамлекеттердин абадан коргонуу куралдары эки-үч айдын ичинде эле толугу менен түгөнөт деген божомол бар.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы командачысы, аталган өлкөнүн Лондондогу элчиси Валерий Залужный НАТО азыркы абалында Россия менен согушууга даяр эмес деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Залужный буга уюмдагы мамлекеттердин ракета жана дрон топтомдорун Россиянын аскердик-өндүрүштүк комплекси менен салыштырууга болбойт деген жүйө келтирген.
"Суроо: бүгүнкү күндө НАТОдогу өлкөлөрдүн кайсынысы 2000дей чабуулдун мизин кайтарганга даяр? Мен азыр Украина кабылган ракеталардын санын (РФ Куралдуу күчтөрүнүн чабуул жасаган ракета, дрондорунун санын – ред.) айта албайм. Бирок ишенип коюңуз, андай санга эч ким жооп кыла албайт. Ал эми согуштун жүрүшүндө ал дагы көбөйөт. Ушул ай ичинде эле 3000ге чейин жетүүдө", — деген Залужный "Украинская правда" басылмасына курган маегинде.
Ал НАТО мамлекеттеринин абадан коргонуу системасы эки-үч айдын ичинде эле толугу менен түгөнөт деген божомолун кошумчалаган. Ошондой эле Залужный: "Ошол эле Британиянын, мисалы, авиабомба менен башкарылган чабуулдарга туруштук бере турчу Patriot системасынын жок дегенде 5000 ракетасы барбы?" — деген суроону койгон.
"Күмөнүм бар. Себеби кайра эле ошол, өтө кымбат, аны көп санда алуу мүмкүн эмес, анткени бул системаларды өндүрүүнүн өзү чоң көйгөй. Ошондуктан азыркы абалында алар (НАТО өлкөлөрү – ред.) согушууга даяр эмес деп айтууга болот", — деген элчи.
РФ Куралдуу күчтөрү Украинанын инсфраструктураларына карата сокку урууну Крым көпүрөсү жардырылгандан эки күндөн кийин, 2022-жылдын 10-октябрында баштаган. Россия бийлиги көпүрөнү Украинанын атайын кызматтары жардырган деп эсептейт. Андан бери сокку энергетикалык объектилерге, коргонуу өндүрүштөрүнө, аскердик башкармалык жана байланыш станцияларына жасалып келет. Укрианын аймактарында, кээде бүт республика боюнча күн сайын абадан чабуулдун болушу тууралуу кулактандыруулар айтылып турат. Ошол эле учурда Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков россиялык аскерлер согушта эл жашаган үйлөргө жана социалдык объектилерге сокку урбай турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Россиянын "Орешник" ракетасынын мизин кайтаруу өтө оор экени айтылды