БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россиялык аскерлер кышка чейин Донецк облусун көзөмөлгө алат. Бул тууралуу "Волки Да Винчи" батальонунун взвод башчысы Дмитрий Деркач билдиргенин РИА Новости жазды.
"Менин оюмча, алар кышка чейин Донецк облусун жаап, баарын көзөмөлгө алышат, андан кийин сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн", — деген Деркач.
Ушул аптада ДЭР башчысынын кеңешчиси Игорь Кимаковский Украина Куралдуу күчтөрү согушта артка чегинип, жеңилип жатканын жана Батыштын Киевге жеткирип жаткан курал-жарагы кырдаалга таасир этпегенин билдирген.