БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден 2025-жылдын январында Ак үйгө Дональд Трамп келгенге чейин Украинаны болушунча күчтөнтүүгө үлгүрүп калууну көздөп жатат. Бул тууралуу Bloomberg сайтына таянып РИА Новости жазды.
Макалада Байдендин Киевге Россиянын аймагына ыраакка атуучу ракеталар менен сокку уруусуна уруксат берүүсү, дээрлик беш миллиард доллар карызын кечүүгө даяр экендиги жана башка аракеттери анын жогорудагы максатты көздөй турганынан кабар берери жазылган. Россия Байдендин ыраакка атуучу ракеталарды колдонууга уруксат берүүсүн тирешүүнүн нугун өзгөртүп, жаңжалды күчөтүү катары кабылдаган.
Жеке булактын айтымында, Байдендин мындай стратегиясы Зеленскийге жардам берүү менен алдыда жаңжал улана берсе Украинанын Россияга жооп кылуу кудурети бар экенин көрсөтүүгө багытталган.
Ошол эле учурда кээ бир эксперттер Байдендин президенттик кызматтагы соңку апталарындагы аракеттеринин баары эле Трампка зыян алып келбейт деген пикирде.
Атлантика кеңешинин Евразия борборунун директорунун орун басары Шелби Магид Байдендин айрым чечимдеринин Трампка жардамы тийип калышы мүмкүн деп эсептейт. Ал Байдендин мындай чечимдери Ак үйдүн жаңы башчысына согушту токтотуу маселесиндеги позициясын бекемдөөгө жана Украинаны сүйлөшүүлөргө түртүүгө таасирин берет деген.
Ушул аптада Байден Украинага жөө аскерлерге каршы колдонула турган миналарды жеткирүүгө уруксат берди. "Жөө аскерлерге каршы миналарга тыюу салууну колдогон эл аралык кыймыл" уюмдарынын бирикмеси бул чечимди өтө коркунучтуу деп атады.