БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. ӨКМдин куткаруучулары Ош шаарында канализация казып жатып топурак басып калган жигитти аман алып чыгышты.
Окуя бүгүн, 24-ноябрда, Амир-Тимур кичи районунунда болгон. Жерине барган төрт куткаруучу топурак астында калган 18 жаштагы уланды алгач кычкылтек баллону аркылуу дем алдырып, атайын шаймандардын жардамы менен алып чыгышкан.
Тез жардам кызматы жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүп, анын абалы орто экенин билдирди.