Күн жылыйт. Өлкөдө жума ичинде күтүлгөн аба ырайы

Борбор калаада бейшемби күнү абанын температурасы 17-19 градуска чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, көпчүлүк жерде күн жылып, жаан-чачын болбойт. Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында күн 15-17 градуска чейин жылыйт. Борбор калаада бейшемби күнү абанын температурасы 19 градуска чейин жетет. Ошондой эле Бишкекте 29-ноябрда күндүз жаан жаашы мүмкүн.

Чүй, Талас

29-ноябрда күндүз жана 30-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Ош

Облустун аймагында жума ичи күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.

Жалал-Абад, Баткен

29-ноябрда күндүз жана 30-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган күндөрү күн ачык болот.

Ысык-Көл, Нарын

Түндүк аймактарында жаан, кар жаабайт деп болжолдонду. Бирок тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Чым-Коргонго "чоңдор" да түшөт. Психиатрдын видеомаеги