Жыл башынан бери мүлктү ыктыярдуу камсыздандыргандар көбөйдү. Статкомдон сандар

Январдан тарта камсыздандыруу компаниялары менен түзүлгөн келишимдердин саны 959 000ге жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын январь-сентябрь айларында өлкөдө 16 камсыздандыруу компаниясы иштеди. Улуттук статистика комитети алардын кирешеси өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 1,4 пайызга өсүп, жалпы сумма 3,8 миллиард сомду түзгөнүн маалымдады.
Билдирүүдө кирешелердин 80 пайыздан ашыгы камсыздандыруу төлөмдөрүнөн түшкөнү айтылат. Тогуз айдын жыйынтыгы менен камсыздандыруу компаниялары 552 миллион сом таза киреше тапкан. Бул өткөн жылдын тогуз айынан 1,6 эсеге көп.
"Жыл башынан бери камсыздандыруу компаниялары менен түзүлгөн келишимдердин саны 959 миңге жеткен. Анын дээрлик 93 пайызы жеке жактар менен түзүлгөн. Мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу жана жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимдери көбөйгөн", — деп айтылат маалыматта.
Анткен менен сентябрдан тартып келишимдердин саны азая баштаган, 1-октябрга карата өткөн жылдын тиешелүү учуруна салыштырмалуу 10 пайызга кемиген.
Жаңы жылдан баштап ОСАГО полиси жокторго айып салынат