БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Балыкчыда туристтерге жардам берген борбор ачылганын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду маалымдады.
Билдирүүдө айтылгандай, бул Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү борбор болот. Ал туристтерге Ысык-Көлдөгү өздөрүнө ылайыктуу пансионат, тоо лыжа курортторун табууга көмөк көрсөтөт. Мындан тышкары, жарандарга жумуш орундары түзүлүп, экономикалык өнүгүүгө салым кошот.
Борбордон коноктор пансионат, курорттук жайлар тууралуу маалыматтарды ала алышат. Анда эс алуу жайы, сувенирлер сатылган чакан дүкөн, даараткана, унаа токтотуучу орундар жана электромобилдерди кубаттоочу станциялар болот.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду мындай борборлор Түп, Теплоключенка, Тосор жана Бөкөнбаев айылдарында да ачыла турганын кошумчалады.