Акылбек Жапаров Кыргызстан жасалма интеллектини кантип колдонушу керектигин айтты

Өкмөт башчы жасалма интеллект мүмкүнчүлүк гана эмес, жоопкерчилик дагы экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Дүйнөдө жасалма интеллектини улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ишке ашыра алган мамлекеттер келечектин лидери болуп жатканы азыртадан эле ачык байкалууда. Кыргызстан дагы ушундай лидер боло алат. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров минкаб мүчөлөрү, президенттик администрациянын кызматкерлери үчүн жасалма интеллектини өнүктүрүү темасында уюштурулган иш-чарада айтканын өкмөттөн маалымдашты.
Белгилей кетсек, лекцияны Сколково илим жана технология институтунун жана Колдонмо жасалма интеллект борборунун өкүлдөрү окуган.
Жапаров жасалма интеллект жөн гана курал эмес, адамзат келечекти жаза турган жаңы тил экенин белгиледи.
"Кыргызстанда санариптештирүү ыкчам темп менен жүрүп жатат. Биздин санариптештирүү аракеттерибиз азыртадан эле көрүнүктүү натыйжаларды берүүдө. Санариптик мамлекеттик инфраструктура, электрондук кызматтарды өнүктүрүү, суперкомпьютердик долбоорлор, кыргыз тилдүү чат-ботту түзүү — мунун баары технологиянын улуттук иденттүүлүктүн бир бөлүгүнө айланып баратканынын мисалдары. Санариптик өкмөт эми кыял эмес, реалдуулук. Министрлер кабинети документти электрондук түрдө колдонот, бул бизге тонналаган иш кагаздарын, убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берди. Жакында эле электрондук форматтагы тескемеге кол койдум", – деген ал.
Ошол эле учурда Жапаров жасалма интеллект мүмкүнчүлүк гана эмес, жоопкерчилик дагы экенин айткан.
"Бүгүнкү күндө биз жарандардын маалыматтарын коргоого, алгоритмдердин ачыктыгына жана тобокелдиктерди минималдаштырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Маккинзи (McKinsey) баяндамасында жасалма интеллект 2030-жылга чейин дүйнөлүк ИДПга 20 триллион долларды кошо алат деп айтылат. Бул жарышка катышуубуз бир гана экономикалык өсүүгө умтулуу эмес, кызматташтыкка жана инновацияга негизделген жаңы моделди түзүү дегенди билдирет", – деген минкаб төрагасы.
Ал IT-адистиктер боюнча быйылкы окуу жылында бюджеттик орундардын квотасы 500дөн 4 000ге чейин көбөйтүлгөнүн кошумчалаган.
Программисттер ChatGPT жасалма интеллектинин кыргызча аналогун өнүктүрүүдө