25-ноябрга карата аба ырайы

25-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. 25-ноябрда түнкүсүн жана таң эрте айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. 25-ноябрь, дүйшөмбүдө, республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас, Ысык-Көл аймактарында +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Нарын жергесинде 0...+5 градуска чейин жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +11...+13, Ош шаарында +13...+15 градуска чейин көтөрүлөт.
Күн жылыйт. Өлкөдө жума ичинде күтүлгөн аба ырайы