Кыргыз ССРинин жана СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиев Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышында депутаттыкты аркалаган. Улуттук филармонияда эмгектенип жүргөн кезинде "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобун уюштуруп, жетектеп кыргыздын бир топ таланттуу уул-кыздарын тарбиялаган. Бул топ азыркыга чейин талантын кыргыз элине тартуулап келет.