Интроверттер жана экстраверттер. Азыркы коомдо кимиси мыкты лидер боло алат?

Sputnik
Адамдар жайдары же түнт болуп эки типке бөлүнүп мүнөздөлөт. Илимдин тилинде бул түнт мүнөздүү адамдар “интроверт”, ал эми жайдары кишилер “экстраверт” деп аталат. Интроверт - өзүнүн ички дүйнөсүнө көңүл бурган адам. Көптөгөн адамдарды жактырбайт, жакын адамдарга гана жылуу сезимдерин көрсөтөт. Жалгыздыкта энергияны калыбына келтирет. Психологдордун айтымында, бул типтеги адамдар чыгармачыл келишет. Ал эми экстраверттер кандай адамдар? Кайсы бири жакшы? Азыр кайсы адамдардын коому болууда? Интроверттер чынында мыкты лидер болушабы? Алар кандай артыкчылыктарга ээ?
Ушул сооболдорго жоопту “Көз мончок” программасынын кезектеги берүүсүндө уга аласыздар.