Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Жогорку жана жергиликтүү соттордо гендердик балансты камсыздоого багытталган мыйзам долбоору сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева коомдук талкууга чыгарган документте соттордо иштеген бир жыныстагылар 70 пайыздан ашпашы керектиги белгиленген. Судьяларды ротациялоодо бул талап милдеттүү түрдө эске алынышы зарылдыгы айтылган. Ошондой эле министрлер кабинетин куроодо дагы 70 пайыздан ашык бир жыныстагы адамдардан түзүлбөшү керек деген талап киргизилүүдө. Демилгечилер муну менен бирге бир катар мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү сунуштаган. Анда бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү 70 пайыздан ашпашы керек деген талапты мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга киргизүү каралган. Мындан тышкары, жумуш ордундагы башка жыныстагыларга кодулоо, асылууну алдын алуу жана жоопкерчилик маселелери жазылган.
Электрондук тамекини колдонууга жана сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, Садыр Жапаров 23-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган тиешелүү мыйзамга кол койду. Ага ылайык, өлкөгө электрондук чылым ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга тыюу салынат. Электрондук тамекини колдонгон жеке жактарга 10 000 сом, юридикалык жактарга 60 000 сом айып салынат. Ал эми аны саткан жеке жактарга 20 000 сом, юридикалык жактарга 65 000 сом айып каралган.Электрондук тамекини олутуу өлчөмдө ташып келгендер эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же бир жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 100–120 миң сом айыпка жыгылат. Ири же өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун үчүн 150–200 миң сомго чейин айып салынат же эки жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 1-2 жылга эркинен да ажыратылат. Мыйзам 2025-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет.
«Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо» долбоорунун алкагында 10 миң 949 ишкер пайызсыз насыя алды. Финансы министрлигинен билдиришкендей, 2024-жылдын 1-ноябрына карата пайызсыз насыянын жалпы 8 млрд 20,3 млн сомду түздү. Анын ичинен: 1-категория боюнча 9,3 миң ишкерге 5,5 млрд сом берилген.2-категория боюнча 1 миң 626 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2,5 млрд сомду түзгөн.Белгилей кетсек, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.
Россиянын президенти Владимир Путин "Орешник" комплексин сыноо уланарын жар салды.Өлкө башчы бүгүн Коргоо министрлигинин, аскердик-өнөр жай комплексинин жетекчилиги жана ракеталарды иштеп чыгуучулар менен жолугушкан.Путин "Орешник" системасы Россиянын суверендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгүнүн дагы бир кепилдиги экенин белгиледи. Анын айтымында, бул эски советтик системанын модернизациясы эмес, комплекс — жаңы Россия адистеринин ишинин жыйынтыгы.Өлкө башчы "Орешник" сыяктуу системалар башка мамлекеттерде да пайда болуу мүмкүндүгүн четке какпай, бирок "бул эртең же бир жылдан кийин болчу көрүнүш" экенин, "Россиянын аны азыр, ушу тапта колдо