Жол милициясы: айып пулдан түшкөн акча 525 млн. сомдон ашат

Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 80 миллионго көп экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жыл башынан тарта жол эрежесин бузган 890 миң 461 айдоочу аныкталып, мамлекеттик бюджетке 525 миллион 324 миң 955 сом өндүрүлгөн. Бул тууралуу ЖКККББнын жыйынында айтылганын ИИМ билдирди.
10 айдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешмеде Жол милициясы бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 80 миллион сомго көп экенин белгилеген.
Эреже бузгандар:
мас абалында унаа башкаргандар — 11 миң 265;
ылдамдыкты ашырып айдагандар — 165 миң 162;
терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар — 2 948;
тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар — 19 миң 396;
унаа айдап ээнбаштык кылгандар — 444;
жол белгилерине баш ийбегендер — 428 миң 072;
коопсуздук курун тагынбагандар — 109 миң 8870;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 85 миң 400 унаа айып короого токтотулган.
Ошто BMW унаасын чимирип айдаган балага айып пул салынды