БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Европа жаңы энергетикалык кризиске туш болууда. Бул тууралуу Bloomberg басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Макалада бул көрүнүш Европадагы газдын запасынын азаюусу учурунда болуп жатканы белгиленген.
"Украинадагы жаңжалдын чыңалуусунун күчөшүнөн улам быйыл газдын баасы 45 пайызга кымбаттады. Сууктан улам газга суроо-талап көбөйүп, запастары тездик менен түгөнүп баратат", — деп жазылат маалыматта.
Басылма мунун баары жана Москвадан келген газдын азайышы алдыда боло турган энергетикалык кризистен кабар берип жатканын жазган. Агенттик Европага Украина аркылуу газ жеткирүү 2024-жылдын соңунда, келишими аяктагыча токтоп каларына кооптонгон. Ошондой эле АКШнын Газпромбанкка карата санкциялары абалды ого бетер курчутарын белгилеген.
"Санкциялар газ жеткирүү ага чейин эле токтошу мүмкүн дегенди билдирет", — деп эсептейт Bloomberg.
Ошондой эле агенттик жайда газдын баасы мурдагыдан кыйла кымбат болорун боолголоп, кышында газдын кампасы канчалык бошосо, ошончолук аны толуктоо татаалдай турганын белгилейт.
Бейшембиде АКШ Газпромбанкка жана анын чет элдеги алты филиалына каршы санкцияларды киргизди. Аталган банк аркылуу РФ президентинин жарлыгына ылайык, рублге чектөө койгон Евробиримдиктин өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге жеткирилген газдын акысын россиялык валюта менен төлөө схемасы ишке ашып келген.