Шакиев менен Матвиенко Айтматов атындагы сыйлыкты азербайжандык ишмерге тапшырды

Сыйлык жыл сайын адабият жаатындагы жетишкендиктери боюнча өзгөчөлөнгөн инсандарга ыйгарылып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Спикер Нурланбек Шакиев менен РФтин Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын азербайжандык маданият ишмери Мехрибан Заур гызы Алекперзадеге тапшырышты. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара 22-ноябрда Санкт-Петербург шаарында болгон. Кезектеги сыйлык Азербайжан мамлекеттик академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, жазуучу-журналист, режиссер, өлкөнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мехрибан Заур гызы Алекперзадеге ыйгарылган.
Шакиев сыйлыкка Алекперзаденин талапкерлиги чыгармачылыктагы жетишкендиктери, адабияттын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, КМШ алкагындагы маданияттардын жакындашуусуна жана шериктеш өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун чыңдалышына көрсөткөн көмөгү үчүн тандалганын белгилеген.

“Залкар калемгер кыргыз элинин гана уулу эмес, баарыбыз сыймыктанган улуу инсан. Анткени анын эмгектери дүйнө элин бириктирип, улуттарды жана маданияттарды жакындатып турат”, — деген Шакиев.

Ал эми Мехрибан Заур гызы Алекперзаде берилген сыйлык үчүн кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип, Айтматов сүйүктүү жазуучусу экенин айткан.
Эскерте кетсек, 2012-жылы Жогорку Кеңештин демилгеси менен негизделген КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы жыл сайын адабият жаатындагы жетишкендиктери боюнча өзгөчөлөнгөн жана оригиналдуу чыгармаларды жараткан инсандарга ыйгарылып келет. Талапкерлер КМШ ПААнын Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунан өтөт.
"Бейиш эненин таманында" тасмасы "Оскар" сыйлыгы үчүн ат салышмай болду