Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: Россияда мобилизация тууралуу кеп жок

Күн сайын жүздөгөн жарандар келишимдик негизде кызмат өтөөгө барып жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Россияда мобилизация тууралуу сөз жок экенин президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Песков күн сайын жүздөгөн жарандар келишимдик негизде кызмат өтөөгө барып жатканын белгиледи.
"Жакшы төлөм программалары каралган. Келгендердин саны өтө көп. Алгач алар курстан окутулуп, даярдыктан өтүшөт. Мобилизацияга муктаждык жок", — деди Песков.
Буга чейин дагы Кремлде мобилизацияга муктаждык жок экендиги белгиленип, Россиянын Куралдуу күчтөрүнө келишимдик негизде келген ыктыярчылардын саны арбын экени белгиленген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский жаштар Украинадан качып жатканын моюндады