БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Ош шаарында BMW унаасын чимирип айдаган 21 жаштагы балага 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Анын видеосу соцтармакка тараган. Милиция айдоочу унаасын чимирилтип коомго коркунуч алып келүү менен автоээнбаштык жасаганын белгиледи.
Бул факт боюнча Ош шаардык кайгуул кызматкерлери иш жүргүзүп, автоунаанын айдоочусун таап, айыпка жыгышкан.