Кыргызстанда тартылган чет элдик кинолордун чыгымынын бир бөлүгү кайтарылат

Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда тартылган чет элдик кинолордун чыгымынын бир бөлүгү кайтарылат. Бул тууралуу "Кыргыз тасмасы" мамлекеттик концернинин директору Талантбек Төлөбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө Cash Rebate программасы ишке кирип жатат.
"Программа чет элдик киностудиялар үчүн тартуу чыгымдарынын бир бөлүгүн кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Максаты чет элдик инвестицияларды тартуу, улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана экономиканы чыңдоо", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле демилге өлкөнү эл аралык кино тартуу үчүн жагымдуу жайга айлантып, жумуш орундарын түзүүгө жана туристтерди тартууга шарт түзөрү кошумчаланган.
Бегимай Турусбекова россиялык долбоордо дагы бир жолу баарын суктандырды. Видео