БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров электрондук документ жүгүртүү системасын колдонуу менен биринчи ченемдик-укуктук актыга кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, мамлекеттик органдар электрондук документ жүгүртүүгө мурда өтүшкөн, бул иш кагаздарын минималдаштырууга жана ведомстволор аралык байланышты тездетүүгө мүмкүндүк берген. Бирок ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу процесси буга чейин кагаз форматында калып келген.
"Мурдагы тажрыйбадан айырмаланып, ченемдик-укуктук актыларды даярдоо жана бекитүү жалаң гана кагаз жүзүндө жүргүзүлсө, жаңы электрондук документ жүгүртүү процедураны кыйла тездетет жана жөнөкөйлөтөт. Бул чечимдерди кабыл алуу убактысын кыскартып, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат", — деп айтылат маалыматта.
Кол коюу, даярдоо жана кабыл алуунун бардык этаптарында электрондук документ жүгүртүүгө толук өтүү санариптик трансформациянын бул этабынын аяктаганын билдирет.