КЭДР АКШны региондогу чыңалууну курчутууга айыптады

Түндүк Корея АКШдан жана анын союздаштарынан куралдуу кагылышууга алып келиши мүмкүн болгон чагымды токтотууну талап кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. АКШ Корей жарым аралындагы чыңалууну курчутууда. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Коргоо министрлигине шилтеме кылып РИА Новости кабарлады.
Анда белгиленгендей, бул региондогу кырдаалды апааттык чекке жеткирип, согушка алып келиши мүмкүн.
"Акыркы убакта Корей жарым аралынын айланасында Түндүк Кореяга багыт алган АКШнын аскердик окутуулары тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул аймактагы аскердик чыңалууну күчөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Коргоо министрлиги АКШ жана анын союздаштарынын соңку аракеттерин санаган. Анын ичинде Корей жарым аралына жакын жерге George Washington аттуу учак ташыган кеменин келиши, Япония менен Түштүк Кореянын аскердик машыгуусу, суу астында жүрүүчү атомдук кеменин Пусандагы базага жайгаштырылуусу жана 21-ноябрда стратегиялык чалгындоочу RC-135S учагынын Япон деңизинин үстүндөгү аба мейкиндигинде учушу белгиленди.
Түндүк Кореянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, АКШ муну менен "өзөктүк конфронтациянын" атмосферасын түзүүдө. Мекеме АКШнын мындай чагымчыл аракеттери чыңалууну курчутуп, ал тургай согушка кептеши ыктымал экенин эскерткен.
Коргоо министрлиги АКШдан жана анын союздаштарынан Корей жарым аралында куралдуу кагылышууга алып келиши мүмкүн болгон чагым, кастык аракеттерди токтотууну талап кылды. Анткени Кошмо Штаттардын аракеттерин жөн эле күчүн көрсөтүү катары баалоого болбой турганы белгиленди.
Ошондой эле Түндүк Кореянын аскери Кошмо Штаттардын жана анын союздаштарынын аскердик аракеттерине көз салып даяр турганы, зарыл болгон учурда коркунучту алдын алуу үчүн "токтоосуз чара көрөрү" кошумчаланган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Небензя: Батыш Сеулду Киевге курал ташыттырууга аракет кылып жатат