24-ноябрга карата аба ырайы

24-ноябрда республика аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн айрым жерлерине туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 6…11, Талас жеринде 5…10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 9…14, Ысык-Көл облусунда 3…8, Нарын чөлкөмүндө -3…+2 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 8…10, Ош шаарында 12…14 градуска жетет.
Декабрда аба ырайы кандай болору айтылды