Украинада жер сатууну майданга чейин эле башташкан. 2013-жылы кытайлык Xinjiang Production and Construction Corps компаниясына Бельгиянын аянтындай болгон жерди сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен 99 жылдык ижарага берилген. 2014-жылы Украина Shell жана Chevron корпорациялары менен келишим түзгөн. Алар жерге 50 жылга киреге алуу мөөнөтүн узартуу укугу менен ээ болушкан. Бул фирмалар Донбасста сланец газын өндүрмөк болушкан. Киев үчүн КЭР жана ЛЭРдеги согуш башында эле Батыштын ресурстар үчүн болгон кармашы эле.
Украинанын айдоо жерлери кимге сатылып кеткен?
© Sputnik_Infographics
Бардык нерсеге төлөш керек. Батыштын Украинага караган насыялары менен жардамы бекер берилбейт. Эл аралык валюта фонду Зеленскийге Украинанын жерлерин чет элдиктерге сатууга уруксат бериш керек деген шарт койду. 2021-жылы Украинада жер реформасын жасай баштап, жерди сатууга коюлган мораторий алып салынган.
2023-жылы 8-майда Киев америкалык BlackRock FMA корпорациясы менен келишимге кол койгон. Мындайча айтканда, экономикалык суверенитет берген. АКШ Украинанын маанилүү активдерине көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бул келишимде мурда коррупцияга күнөөлөнгөн кишилердин ысымдары айтыла баштаган. Зеленский бул "кызматташуудан кийин" өзүнүн байлыгын 1,5 миллиард долларга чейин көбөйткөн.
Украинанын агротармагы кимдин колунда калды? Америкалык үч үлкөн компания: Cargill, Dupont жана Monsanto Украинадагы айдоо жерлердин 40 пайызын текейден арзан сатып алган. Окленд университетинин маалыматтарына таянсак, мындай жерлердин дагы 28 пайызы украиналык олигархтарга, агрохолдингдерге тиешелүү. Бирок чын-чынына келгенде аларга NCH Capital агрохолдинги (АКШ), AgroGeneration (Франция), ADM Germany, KWS, Bayer (ГФР) жана PIF жана SALIC (Сауд Арабия) компаниялары ээлик кылат.
Бүгүнкү күндө Украина аймагынын дээрлик 30 пайызы ага таандык эмес. Чет элдиктер 170 миң чарчы чакырым аянтты сатып алышкан. Australian National Review алардын көбү АКШда жайгашкан же америкалык структуралар тарабынан каржылангандар экенин билдирген. Батыш ЖМКларынын жазгандарына таянсак, бүгүнкү күндө украиналык мүлктөрдүн тизмесине тоо-кен металлургиялык "Метинвест", "Нафтогаз", "Укрэнерго", "Укроборонпром" жана башкалардын баалуу кагаздары кирет.