Путин "Орешник" комплексин сыноо уланарын жар салды

Өлкө башчы Россиянын "Орешник" сымал бир нече системасы сыноодон өтүп жатканын, бүгүнкү күндө ага эч нерсе каршы тура албастыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин "Орешник" комплексин сыноо уланарын жар салды.
Өлкө башчы бүгүн Коргоо министрлигинин, аскердик-өнөр жай комплексинин жетекчилиги жана ракеталарды иштеп чыгуучулар менен жолугушкан.
Путин "Орешник" системасы Россиянын суверендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгүнүн дагы бир кепилдиги экенин белгиледи. Анын айтымында, бул эски советтик системанын модернизациясы эмес, комплекс — жаңы Россия адистеринин ишинин жыйынтыгы.

"Жетишилген натыйжалар жана куруу ылдамдыгы сыймыктантып, суктантат. Ошондой эле ата мекендик ракета куруу тармагынын эбегейсиз потенциалы бар экенин көрсөтүүдө. Алар Россиянын коопсуздугун жана суверендүүлүгүн камсыздоо боюнча эң татаал маселелерди чече аларын тастыкташууда", — деди Путин.

Өлкө башчы "Орешник" сыяктуу системалар башка мамлекеттерде да пайда болуу мүмкүндүгүн четке какпай, бирок "бул эртең же бир жылдан кийин болчу көрүнүш" экенин, "Россиянын аны азыр, ушу тапта колдонуп жатканы маанилүү" экенин белгиледи.
Путин Россиянын "Орешник" сымал бир нече системасы сыноодон өтүп жатканын, бүгүнкү күндө ага эч нерсе каршы тура албастыгын кошумчалады.
Жыйында "Орешник" ракетасын иштеп чыккандар мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөрү белгилүү болду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Россиянын "Орешник" ракетасынын мизин кайтаруу өтө оор экени айтылды