БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн динамикалык өнүгүүсү үчүн жана чыңалган демографиялык абалдан улам Россия эмгек мигранттарына муктаж, алардын келишин кубаттайт. Бул туурасында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды.
"Мигранттар — бул муктаждык. Бизде демографилык абал оор. Эң чоң өлкөдө жашаганыбыз менен азбыз. Динамикалык өнүүгүбүз үчүн жана бул жааттагы бардык пландарды ишке ашыруу үчүн, албетте, бизге жумушчу күч керек. Мигранттардын келишин кубаттайбыз", — деген ал.
Анын айтымында, мигранттарды кабыл алган башка өлкөлөрдөй эле эрежелерди жөнгө салып, иретке келтириш керек.
"Биз катаал, бирок ыңгайлуу болгон эрежелерди кабыл алышыбыз зарыл", — деп кошумчалаган Песков.
Мурдараак мамлекет башчы Владимир Путин мигранттарды киргизүүдө биринчи иретте өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыктары каралышы керектигин айткан. Россияга анын каада-салтын, тарыхын, тилин сыйлагандар келип, бул негизги принцип болушу зарыл экенине токтолгон. Ал, мындан сырткары, Россияга келген мигранттар "адамча" жашап жана бардык тиешелүү шарттарды пайдалынышы керектигин белгилеген.