БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Москва кырдаалдын курчушуна чечкиндүү жана тез жооп берерин Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.
РФ лидери атайын аскердик операцияга байланыштуу кырдаал боюнча билдирүү жасады.
Урунттуу учурлары:
аймактык жаңжал Россияга болгон Батыштын алыскы аралыкка атуучу ракеталарынын чабуулунан кийин глобалдык мүнөзгө өттү;
душмандын алыскы аралыкка атуучу куралды колдонуусу атайын операциянын жүрүшүнө таасир эте албайт;
Россиянын өзөктүк эмес, гиперүндүү жаңы баллистикалык ракетасы сыналды;
сыноо ийгиликтүү өтүп, максатына жетти. Днепропетровск шаарындагы ири өнөр жай комплекси жок кылынды;
биз орто жана кыска аралыкка атуучу ракеталарды жайгаштыруу чечимин АКШнын жана анын сателлиттеринин аракетине жараша кабыл алабыз. Бутага алынчу объектилер Россия Федерациясына болгон коркунучтарга карата тандалат;
Москва Украинадагы жай тургундарга жана башка өлкөлөрдүн жарандарына чабуул жасала турган жерлерден чыгып кетүүнү алдын ала сунуштайт. Муну гуманитардык себептерден улам жасайбыз;
россиялык жаңы ракеталардын ылдамдыгы секундасына 2-3 чакырымга жетет, душмандын ракетадан коргонуу системалары аларды тосо албайт;
эл аралык коопсуздук системасын Россия эмес, АКШ өзү талкалады. Өзүнүн гегемониясына чырмалып отуруп, дүйнөнү глобалдык жаңжалга түртүүдө;
Россия буга чейин, азыр дагы маселени тынчтык жолу менен чечүүгө даяр, ошондой эле кырдаал кандай жаатта өзгөрбөсүн, ага да даяр.