БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Россиянын жаңы сыноодон өткөн "Орешник" ракетасын атып түшүрүү өтө оор болот. Бул тууралуу АКШнын стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун (CSIS) ракетага каршы коргонуу долбоорунун директору Том Карако айтканын РИА Новости жазды.
"Андан коргонуу өтө татаал", — деп эскерткен эксперт.
Караконун айтымында, ракетанын алды жагы индивидуалдуу багыттоо жана бутаны жок кылуучу жогорку ылдамдыктагы бөлүгү болуп эки блоктон турат, мындай техниканы жок кылуу — "баш оорута турган чоң көйгөй".
Бейшемби күнү Россия президенти Владимир Путин атайын аскердик операциянын жүрүшү боюнча билдирүү жасап, орто аралыкка атылуучу "Орешник" жаңы ракетасы ийгиликтүү сыналганын билдирген. Өлкө башчы бул Украина Куралдуу күчтөрүнүн америкалык жана британиялык алыска атылуучу куралдарды колдонуусуна жооп экенин белгиледи. Президенттин айтымында, россиялык аскерлер Украинанын коргонуу өнөр жайы комплексинин бир объектисине сокку уруп, натыйжада Днепропетровскиде ракеталык техника өндүргөн комплекс кыйраган.