Бул Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы каармандыкты, эрктүүлүктү, чыдамкайлыкты талап кылган, кийинки муундарды таң калтырган кадамдардын бири эле.
Адамдардын жашоосуна кан жүгүрткөн бул жолдун артынан Ленинград курчоонун азабына гана туруштук бербестен, фронт үчүн курал-жарак, танкалар да жөнөтүлгөн. Ладога көлүнүн, табияттын адамзатка берген жардамы сөз менен айтып жеткис болуп тарыхта кала берди.
1941-жылдын сентябрь, октябрында портту түптөп, суунун түп жагын тереңдетип, ичке темир жолдорун салуу иштери жүрө баштаган. Кыштын башталышы менен коммуникация иштебей, бир гана Ладогага тоңгон муз менен каттоо аргасы калган. Көл "өмүр жолу" деген атка конгон.
Бул татаал инженердик эсептөөлөр жана коммуникациялар менен чыныгы илимий долбоор болгон. Жакшыраак тоңо элек музда жол кыймылынын көптүгүнө байланыштуу жолду бир нече жолу улам жаңы жерге жылдырууга туура келген. Аны менен 4 миң машина жүрүүгө болот эле. Эгерде муз жарылып кетип автоунаа чөгө баштаса, секирип кетүүгө жетишип калыш үчүн айдоочулар кычыраган кышта эшигин жаппай айдашкан. Алар башкалардын өмүрү үчүн жашоосун тобокелге салышкан.