БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Прокуратура органдары мамлекетке келтирилген миллиарддаган зыяндардын ордун толтурууга чоң салым кошууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарадагы куттуктоосунда айтты.
Мамлекет башчы белгилегендей, прокурорлор мамлекетке келтирилген миллиарддаган зыяндын ордун толтурууга чоң салым кошууда.
"Укук коргоо органдарынын ишин координациялоо менен бирге прокуратура кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүп, өлкөдө мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн орнотуп, укук тартибин чыңдоо жаатында талыкпастан аракеттенип келе жатат. Ушу тапта прокуратура органдары натыйжалуу иш жүргүзүүдө десек болот. Мыйзамдардын аткарылышы боюнча жалпы көзөмөл багытында 20 миңдей укук бузууларды аныктап, аларды калыбына келтирүү боюнча прокурордук чара көрүү актыларын киргизип, жарандарыбыздын укуктарын коргоп, мамлекетке келтирилген миллиарддаган зыяндардын ордун толтурууга чоң салым кошууда", — деген Жапаров.
Ошондой эле ал аталган орган түзүлгөндөн баштап эле мыйзамдуулукту камсыздоо, элди укуктук жактан агартуу жаатында өз миссиясын так жана татыктуу алып барып келгенин кошумчалаган.