Равшан Жээнбековдун Ысык-Көлдөгү "Асыл-Таш" пансионаты мамлекетке өттү

Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы 1 миллиард сомдук пансионат мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Асыл-Таш" мүлктүк комплекси 13,33 гектар жер тилкеси менен кайтарылган.

"Равшан Жээнбеков 2002-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп турганда 13,33 гектар жерди жана "Асыл-Таш" пансионатынын мүлктүк комплексин аффилирленген жактардын пайдасына 12 миллион 703 миң сомго арзандатылган баада сатуу үчүн буйрук чыгарган. Ошол эле учурда аталган комплекс Равшан Жээнбековдун жакын адамдарына таандык болгон", — деп жазылган маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан пансионатка жанаша жайгашкан жана мурда анын балансында турган, жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген башка жер участокторун мамлекеттин пайдасына кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүрүп жатканы белгиленди.
Ташиевдин атын жамынып пара алды делген экс-элчи боюнча иштин чоо-жайы айтылды