БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бишкекте мектеп окуучуларына айына 200 миң сомго чейин айлык алган кесиптер көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-класстын окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү экскурсия өттү. Анын алкагында балдар тигүү өндүрүшүнө барып, андагы шарттар, жеңил өнөр жай тармагындагы кесиптер менен таанышып, жумушка орношуунун жол-жобосу тууралуу билишти.
Ишкананын директорунун орун басары Бектур Кубанычбеков мындай экскурсиялар жумуш орундарындагы адистерге коюлган талаптар менен таанышууга мүмкүндүк берерин белгилеген.
"Баары юрист, экономист болом деп жатышат, алардын айлыгы 40 миң сом. Бизде дизайнерлер, конструкторлор бар, минималдуу айлыгы 90 миң сомдон 200 миң сомго чейин. Сатуу боюнча менеджер бар. Мисалы, 10 миллион сомго чейин буйрутма түшсө, ал 1 пайызын алат, башкача айтканда, айлыгы 100 миң сомду түзөт. Кадр маселеси биз үчүн өтө маанилүү, Беларустан дизайнер алууга аргасыз болдук. Жергиликтүү адистерди жалдасак жакшы болмок", — деди Кубанычбеков.
Эмгек министри Жылдыз Полотова бир гана жогорку окуу жайды эмес, кесиптик лицейлерди жана колледждерди аяктагандан кийин деле жакшы жумуш тапса болорун айтып өттү.