БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Канат Исаев 4-декабрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Мындай чечим Октябрь райондук сотунда кабыл алынган.
Саясатчы уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого айыпталып жатканы айтылды. Анткен менен анын адвокаты Бакыт Осмоналиев Исаев коюлуп жаткан күнөөнү мойнуна албай турганын билдирди.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев УКМК тарабынан 20-ноябрда кармалган.
Ал 2020-жылдагы октябрь окуясы учурунда бир аз убакыт Жогорку Кеңештин спикери болгон.