Экс-депутат Канат Исаев кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев кармалды. Бул тууралуу анын адвокаты Бакыт Осмоналиев билдирди.
Маалыматка ылайык, Канат Исаев УКМК тарабынан 20-ноябрда кармалган.
Саясатчынын баш коргоо чарасы бүгүн тандалары күтүлүүдө. Исаевдин эмнеге айыпталып жатканы азырынча белгисиз.
Эске салсак, буга чейин 2017-жылы Канат Исаевге бийликти күч колдонуп басып алуу боюнча иштин фигуранты катары кылмыш иши козголуп, 2019-жылы апрелде сотко чейинки өндүрүш токтотулган.
Жаңы жылды абакта тоскон саясатчылар