Ташиевдин атын жамынып пара алды делген экс-элчи боюнча иштин чоо-жайы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Камчыбек Ташиевдин атын жамынып 250 миң доллар пара алды делген экс-элчинин чоо-жайын УКМК ачыктады.
Маалыматка ылайык, арыздануучу Б.А. аттуу адам жалган маалымат берип, Кыргызстандын АКШ жана Канададагы мурунку элчиси Бакыт Аманбаевге карата арыз жазган.
"Иликтөө аркылуу Б.А. аттуу адам менен Бакыт Аманбаевдин ортосунда аласа-бересе болгону аныкталды. Башкача айтканда, элчи тарабынан опузалап акча талап кылынган эмес. Учурда арыздануучуга 250 миң доллар кайтарылып, ал тосмо арыз жазып берген. Экс-элчинин аракетинде кылмыштын курамы жок", — деп жазылган маалыматта.
Учурда арыздануучу Б.А. аттуу адамга карата жалган маалымат бергени боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканы, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилери кошумчаланды.
Буга чейин УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев анын атын жамынып 250 миң доллар пара алган экс-элчини кармоого буйрук бергенин айткан болчу.
Экс-депутат Канат Исаев кармалды