БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Россиянын чет элдиктер үчүн киргизип жаткан чектөөлөрү Кыргызстандын жарандарына жайылтылбашы керек. Анткени өлкө ЕАЭБдин мүчөсү болуп саналат. Бул тууралуу республиканын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев РИА Новостиге курган маегинде билдирди.
Ал Кыргызстандын жарандарына карата Россияга кирүү жана анда жүрүү эрежелери өзгөрбөгөнүн, кошумча талаптар да жок экенин белгиледи. Анткен менен "Крокус сити холлдогу" каргашалуу окуядан кийин Россиянын көзөмөл-өткөрмө пунктуларында коопсуздукту камсыздоого багытталган текшерүү иштери уланып жатканын кошумчалады.
"Миграциялык режимди катаалдантуунун алкагында Россиянын чет элдиктер үчүн киргизген чектөөлөрү Кыргызстандын жарандарына жайылтылбашы керек деп эсептейбиз. Анткени биздин өлкө — ЕАЭБдин мүчөсү", — деди Кулубаев.
Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына преференциялар каралганын эске салды.