Бишкекте мэрия кызматкерлери менен гараж ээлеринин ортосунда чыр чыкты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бишкекте мэриянын кызматкерлери менен гараж ээлеринин ортосунда жаңжал чыкты.
Соцтармактарга тараган видеодон гараж ээлери муниципалитеттин кызматкерлерине бензинге окшогон суюктук чачып, "Тазалык" ишканасынын машинесинин терезеси сынганын көрүүгө болот.
Мэриядан Псковская көчөсү, 71 дарегинде уруксат берилбеген объектилерди демонтаждоо иштери башталганын кабарлашты. Бирок жергиликтүү жашоочулар кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратып, окуя болгон жерде укук коргоо органдары иштеп жатканы айтылды.
Ошондой эле объектилерди бузуу мыйзамдуу экени кошумчаланды.
Мэр: 11-кичи райондогу гараждардын ордуна көп кабатуу унаа жайы курулат