Бишкекте жаңжал менен бузулган гараждардын ордуна эмне түшөрү айтылды

Муниципалитет чырга айланган демонтаждоо иштери боюнча эскертүү катты мурда эле жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бишкекте мэрия менен гараж кооперативи чырдашып жаткан жерге Улуттук бокс федерациясынын спорт комплекси салынат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Муниципалдык жер федерацияга 2028-жылдын 16-февралына чейин берилгенин калаа бийлигинен маалымдашты. Ошондой эле мэрия чырга айланган демонтаждоо иштери боюнча эскертүү катты мурда эле жөнөткөнүн билдирди.
Бүгүн гараж кооперативинин ээлери менен демонтаждоого келген мэриянын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Гараж ээлери муниципалитеттин кызматкерлерине бензинге окшогон суюктук чачып, "Тазалык" ишканасынын машинесинин терезеси сынган.
Жерине укук коргоо органдары тартылып, ызы-чуу боюнча кылмыш иши козголгону кабарланган.
Мэр: 11-кичи райондогу гараждардын ордуна көп кабатуу унаа жайы курулат