БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинети көмүрдүн экспортуна убактылуу чектөө киргизди. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду.
Документте көмүрдү ЕАЭБдин аймагынан тышкары автоунаа менен алып чыгууга тыюу салынганы айтылат. Чечим "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Эркеч-Там" жана "Торугарт" өткөрүү пунктулары аркылуу автомобиль менен ташуусуна тиешелүү эмес.
Чектөө алты айга киргизилген.