Кыргыз прокуратурасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленип жатат

Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргыз прокуратурасынын түптөлгөнүнүн 100 жылдыгы белгиленип жатат.
Башкы прокурор Максат Асаналиев салтанатта бул маанилүү учур экендигин белгиледи. Анын айтымында, көзөмөл органы мыйзамдуулуктун, жарандардын, коомчулуктун кызыкчылыктарынын сакталышына, мамлекеттин түптөлүшүнө, өнүгүшүнө, укуктук республика болушуна өзүнүн салымын кошуп келет.
1 / 3

Кыргыз прокуратурасынын түптөлгөнүнүн 100 жылдыгы белгиленип жатат

2 / 3

Башкы прокурор Максат Асаналиев салтанатта бул маанилүү учур экендигин белгиледи

3 / 3

Анын айтымында, көзөмөл органы мыйзамдуулуктун, жарандардын, коомчулуктун кызыкчылыктарынын сакталышына, мамлекеттин түптөлүшүнө, өнүгүшүнө, укуктук республика болушуна өзүнүн салымын кошуп келет

"Кыргыз прокуратурасы башка мамлекеттик органдар сыяктуу эле 100 жыл мурда түптөлгөн. Кыйынчылыктарга, тарыхый бурулуштарга карабай мыйзамдуулуктун орношу үчүн өзүнүн милдетин так аткарып келүүдө", — деди Асаналиев.
Ал соңку тогуз айда прокуратура органынын эмгегинен улам бюджетке 20 миллиард доллар суммасындагы акча кайтарылганын кошумчалады.
"Прокуратура тарабынан ар кыл багытта 700гө чукул текшерүү жүрүп, мыйзам, эреже бузулган учурларды оңдош үчүн миңге чукул актылар түзүлүп, чечимдер чыгарылган", — деген ал.
Садыр Жапаров Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктады