Радио

Алапаева: карылар үйүндө берилүүчү тамак-аш 100%га көбөйтүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору Нуржан Алапаева өлкөдөгү социалдык-стационардык мекемелердин абалы тууралуу айтты.
Sputnik
Кыргызстанда 65 жаштан өйдө курактагы 407 миңден ашык карыя бар. Алар жалпы калктын 4,7 пайызын түзөт. Бул тууралуу Нуржан Алапаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда 7 миллион калктын 50 пайыздан ашыгы — аялдар, ал эми 49 пайызы — эркектер.
"Эмгек, социалдык колдоо жана миграция министрлигине караштуу жалпы 17 социалдык-стационардык мекеме бар. Алардын ичинен бешөө карылар жана майыптыр үчүн кызмат кылат. Бул мекемелерде 2 399 жаран кызмат алат. Алардын абалы дайыма көзөмөлдө. Видеобайкоолор орнотулган. Ошону менен бирге эле тамак-ашынын минималдык өлчөмү жана ага бөлүнгөн каражат да 100 пайызга көбөйтүлгөн. Башкача айтканда, мамлекет ал жарандарды бардык жагынан камкордукка алган. Ал эми социалдык-стационардык мекемелерге бага турган жакыны жок же турмуш шартынан кыйналган адамдар тийиштүү документи менен кабыл алынат. Башкача айтканда, кызмат алуучу жазуу жүзүндө арыз менен кайрылышы керек. Андан кийин анын анализдерин алып, ден соолугун текшерип, документтери каралат. Кам көрө турган жакыны баш тартуу арызын жазган учурда да мамлекет толук өз камкордугуна алат. Бириккен Улуттар Уюмунун шкаласы боюнча, 65 жаштан өйдө курактагы жарандар жалпы калктын санынын 4 пайызын түзсө, бул жаш калк болуп эсептелинет. Ал эми 7 пайыздан ашып кете турган болсо, анда бул карылыкка бараткан калк болуп калат. Бизде 4,7 пайызды түзөт. Улгайгандардын арасында согуштун ардагерлери өзгөчө камкордукка алынган. Буларга ай сайын 17 миң сом берилип турат (7 миң сом акчалай компенсация жана 10 миң сом президент тарабынан өмүр бою төлөнүүчү стипендия). Жыл сайын Улуу Жеңиш күнүнө карата бир жолку төлөмдөр берилет", — деди Алапаева.
Ал үч миңге жакын карыяны социалдык кызматкерлер үйүнө барып тейлеп, көмөктөшүп турарын кошумчалады.