БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель 18-19-ноябрь күндөрү Брюсселде өткөн саммите Евробиримдиктин ТИМ башчылары жана коргоо министрлеринин баары эле Украинага колдоо көрсөтүүгө даяр эместигин билдиргенин моюндады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Ак үйгө жаңы президент келе турган болуп жатат, анын согушту токтотуу боюнча өзүнүн сцеанрийи бар сыяктуу. Бирок мамлекеттердин басымдуу бөлүгү Украинага жардам көрсөтүүнү улантууга даяр. Киевди колдоону токтотууга ыктаган анча-мынча мамлекеттер да бар", — деген Боррель.
Эскерте кетсек, АКШ бийлигине президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп келет. Анын инаугурациясы 2025-жылдын январь айына белгиленген.