БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. 23-ноябрь, ишембиде, жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас аймагында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +0...+5 градус жылуу болсо, Нарын дубанында -1...-6 градус суук болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +6...+8, Ош шаарында +13...+15 градуска көтөрүлөт.